Талас. Талас шаарында учурдагы мэр Анарбек Кушубековду ордунда калтыруу талабы менен митинг өттү

Бүгүн, 28-январда Талас шаарынын борбордук аянтына облустун жүздөгөн тургундары митингге чыгышты. Алар шаардын учурдагы мэри Анарбек Кушубековду ордунда калтыруу талабын коюшууда. Чогулган элге өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева чыгып, шайлоо мыйзам чегинде өтөрүн баса белгилеп, аларды сабырдуулукка чакырды. Айта кетсек, бүгүн Кыргызстандын 12 шаарында жаңы мэрлер шайланат, алардын ичинде Талас шаары да бар. Митингчилер атайын комиссия түзүп, өз талаптарын айтып шаардык кеңештин депутаттарына кайрылуу жасамай болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан