Бүгүн, 28-январда "Супер сулуу-2012" сынагынын жеңүүчүсү Гузеля Келдибаева жана "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Бурул Исмаилова Индиянын Гоа штатына 10 күндүк эс алууга жол тартышты. Жолго чыгар алдында Гузеля "чет жакка биринчи жолу чыгып жатканыма байланыштуу аябай толкунданып жатам. Жеңсем деле, барамбы же барбай каламбы деп ишенбей жаткам. Эми минтип учабыз дегенде жүрөгүм алып учуп баштады" деген сезимдери менен бөлүшкөн болчу.