"Кумтөрдү" улутташтырууга бийлик кызыкдар эмес жана бул тууралуу маселе көтөрүлгөн жок",- деп билдирди Экономика министри Темир Сариев. Анын айтымында, "Кумтөр" компаниясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын башкы максаты - эки тараптуу келишимдеги мыйзам бузууларды аныктап, аларды кайрадан мамлекеттин кызыкчылыгына дал келтирүү. Айта кетсек, аталган комиссия 2012-жылдын июнь айында түзүлүп, "Кумтөрдөгү" абалды, келишимдердин мыйзамдуулугун, кен иштетүүчү компаниянын экологияга, экономикага тийгизген таасирин иликтеп чыгышты. Комиссиянын жыйынтыгын 25-январда Жогорку Кеңеш жактырып, колдоого алды. Аталган комиссиянын төрагасы катары Темир Сариев иш алпарды.