Баткен. Баткен шаарында мэр шайланбай калды. Сүлүктү шаарынын мэри болуп Закир Ибрагимов шайланды

Бүгүн, 28-январда Баткен облусунун Баткен, Сүлүктү жана Кызыл-Кыя шаарларынын мэрлерин шайлоо болуп өттү. Баткен шаарынын мэрлигине “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан” жана "Замандаш” партияларынан бирден талапкер көрсөтүлгөн. Эки турга созулган шайлоонун жыйынтыгында бул 3 талапкер тең жетиштүү добуш ала албагандыктан, аталган шаарда мэр шайланбай калды. 

Ал эми Кызыл-Кыя шаарындагы шайлоонун жыйынтыгы менен шаардын учурдагы мэри Хабубилла Халмурзаев ордунда калды. 

Сүлүктү шаарында көпчүлүк добуш менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлү Закир Ибрагимов мэр болуп шайланганын өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мамажан Бердишев билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан