Бүгүнкү шайлоодо "Республика" партиясынын өкүлү Болот Бакиров Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланды. Аталган шаардын мэрлик кызматына 3 талапкер ат салышкан, алар: КСДПнын өкүлү Бактыгул Алиев, "Улуу Кыргызстан" партиясынан Мирлан Жукешов жана "Республика" партиясынын өкүлү Болот Бакиров. Мэрди шайлоо 2 тур менен өттү, 2-турда Болот Бакиров 11 добуш алса, Мирлан Жукешов 10 добушка ээ болду. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.