Кара-Балта шаарынын мэри болуп КСДПнын өкүлү Данияр Шабданов шайланды. Бул тууралуу Жайыл районунун аймактык шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган шаардын мэрлигине 2 талапкер ат салышкан. Жыйынтыгында Данияр Шабданов 28 добуш алса, Кенжебек Алыбаев 3 добушка ээ болгон. Бүгүн Кыргызстандын 12 шаарында жаңы мэрлер шайланат.