Эл аралык издөөдө жүргөн кылмышка шектүү жаран Чүй облусунан кармалды
26-январда
Чүй облусунда Эл аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин
басма сөз кызматы билдирет. ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы Ысык-Ата РИИБи
менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн 35 жаштагы Шымкент шаарынын тургунун
кармашты. Ал 2012-жылы Казакстанда массалык мушташка катышып, ок атуучу куралдарды жана бычак колдонуу менен 2 адамды өлтүрүп, 10 адамды жарадар кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн.