Талас. Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков экинчи мөөнөткө мэр болуп шайланды

Бүгүн, 28-январда Анарбек Кушубеков Талас шаарынын мэри болуп шайланды. Шаардын мэрлигине 2 талапкер: Адылбек Капалов жана Анарбек Кушубеков ат салышкан. Шайлоодо шаардык кеңештин 31 депутатынын 17си Анарбек Кушубековго, 14ү Адылбек Капаловго добуш беришти. Айта кетсек, бүгүн эртең менен Талас шаарынын борбордук аянтына жергиликтүү тургундар митингге чыгып, учурдагы мэр Анарбек Кушубековду ордунда калтыруу талабын айтышкан.  Ошентип, өз ордунда калган мэр чогулган элге ыраазычылык билдирип, алардын ишеничин актоого бардык аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

1,2,3,5,6. Мэр шайлоонун жүрүшү жана сырттагы митинг

4. Талас шаарынын 2-мөөнөткө шайланган мэри Анарбек Кушубеков  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан