Ысык-Көл. 2012-жылы облус боюнча 9 миң 893 гектар аянтка күздүк эгин себилген

Ысык-Көл облусу боюнча 2012-жылы 16 миң 700 гектар аянтка күздүк эгин себилиши керек болсо, анын 9 миң 893 гектарына гана себилген. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Анын айтымында, былтыр айыл чарба продукцияларынын дүң жыйымы 21 миллиард 175,8 сомду, ал эми өнүгүү ыргагы 93,6 пайызды түздү. Ошондой эле өткөн жылы 69 миң 861 гектардан буудай, 24 миң 519 гектар жерден арпа, 28 миң 955 гектардан картошка жыйналган. Бирок аба ырайынын кургак болгонуна байланыштуу облустагы Ак-Суу, Тоң жана Ысык-Көл райондорунда план аткарылбай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан