Кыргызстанда жаңы окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 15-сентябрга жылдырууга, бул маселени референдумга алып чыгууга зарылчылык жок. Муну депутат Каныбек Осмоналиевге шилтеме берүү менен парламенттин басма сөз кызматы билдирди. "Билим берүү тармагына тийиштүү маселелерге аяр мамиле жасоо зарыл. Демилгечилер окуучулардын талаа иштерине жардамдашуусу керектигин мисал келтиришүүдө. Азыркы шарт ушундай, дыйканчылык иштерин ар ким өзү бүтүрөт. Балдарга үч айлык каникул толук жетиштүү, ошондуктан жаңы окуу жылын 1-сентябрдан баштоо туура",- дейт депутат.
Осмоналиев мугалимдердин айлыгындагы айырмачылыктар тууралуу буларды айтты:
"Жаңыдан иштей баштаган мугалим менен узак жылдардан бери иштеп келе жаткан мугалимдин ортосунда чоң айырма бар. Мугалим канчалык тажрыйбалуу болсо, ага эмгек акы да ошончолук көбүрөөк төлөнүшү шарт. Жогорку Кеңеште бүгүн, 15-октябрда кабыл алынган токтомдо ушул маселе да камтылган".