Жогорку Кеңештин спикери: "2015-жылдын июнуна чейин санариптик берүүгө өтүшүбүз керек"

Кыргызстан 2015-жылдын июнь айына чейин санариптик телеберүүгө өтүшү керек. Муну 15-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. "Тийиштүү чечимди кабыл албасак, эртең айрымдар Жогорку Кеңешти күнөөлөп чыгышат. Биз өзүбүздүн милдетти аткарып жатабыз",- деп билдирди спикер. Парламент жетекчиси эгер Кыргызстан санариптик берүүгө өз учурунда өтпөсө, коңшу өлкөлөр өтүп, андан кийин өлкөдө азыркы аналогдук берүүнү токтотууга туура келерин кошумчалады. Анткени коңшу өлкөлөргө тоскоолдук жаралат.  
Жогорку Кеңеш өлкөнү санариптик берүүгө өткөрүү боюнча токтом кабыл алды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан