Бүгүн, 15-октябрда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев БУУнун Борбордук Азия үчүн Адам укугу боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын убактылуу аймактык өкүлү Элизабет да Коштаны кабыл алды. Жолугушууда вице-премьер БУУнун өкүлүнө Кыргызстан туруктуу өнүгүүнүн, парламенттик демократияны чыңдоонун жана саясий реформаны кеңейтүү жолуна ишенимдүү кадам таштаганын айтты.
Маматалиев Кыргызстан сотторунун адам укугу жаатындагы эксперттик билимин тереңдетүүгө багытталган Жогорку комиссар башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп жаткан долбоорлордун ишке ашуусуна кызыкдар экенин кошумчалады.
Элизабет да Кошта Кыргызстанда БУУнун колдоосунда ишке ашып жаткан “Укук үстөмдүгү жана адам укугун коргоону чыңдоо аркылуу тынчтык жана ынтымакка жетүү” жана “Көп кырдуулуктагы биримдик” долбоорлору тууралуу маалымат берди.