30-январда Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө кыргыздын алгачкы жазгыч акыны Наркул уулу Нурмолдонун 175 жылдыгына арналган «Белгилүү инсан, манасчы, агартуучу жана төкмө акын» аттуу китеп көргөзмөсү ачылат. Улуттук китепканадан билдиргендей, көргөзмөгө акындын жашоо турмушун, басып өткөн жолун чагылдырган материалдар, ошондой эле акындын китептери, ал жөнүндө гезит беттерине жарыяланган макалалар коюлмакчы.