Кыргызстанда жыл башынан бери “капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин чыгымы 2 миллиард 16 миллион 600 миң сомду түздү. Бул тууралуу 15-октябрда Каржы министрлигинен билдиришти. Билим берүү мекемелеринин курулушуна 671 миллион 965 100 сом, саламаттык сактоо тармагына 168 миллион 442 500 сом, маданиятка жана спортко 44 миллион 920 800 сом, жол тармагына 276 миллион 447 400 сом бөлүнүптүр. Калган каражаттар турак жай-коммуналдык чарба жана башка тармактагы курулуштарга берилген.