Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөлдөө инспекциясы 9 айда 631 текшерүү жүргүзүп, 407 мыйзам бузуу фактысынын бетин ачты. Муну аталган министрликтин басма сөз кызматы 15-октябрда билдирди.
Текшерүүгө алынган органдар боюнча маалымат төмөндө:
Мамлекеттик мекемелер - 241 (155инде мыйзам бузуу фактысы катталды)
Ишкердик субъекттери - 390 (252синде мыйзам бузуу фактысы катталды)
Мыйзам бузган тараптарга айып пул салуу боюнча 108 токтом чыгарылып, айып пулдун суммасы 303 500 сомду түзгөнү айтылды. Инспекция тарабынан жыл башынан бери түрдүү темалар боюнча 8 тегерек стол уюштурулган.
Айта кетсек, аталган инспекция автоунаага май куюучу жайлардагы ченөөчү жабдуулардын, базарлардагы таразалардын тактыгын жана башкаларды көзөмөлдөйт.