Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жыйынында депутаттар бийчи
Атай Өмүрзаковго мамлекет колдоо көрсөтпөй жатканын айтып чыгышты. Депутат
Урмат Аманбаева бийчинин акыркы ийгиликтерин мисал келтирди.
"Жакында Германияда өткөн сынакта Атай жана анын "Тумар КР" бий тобу калыстар тобун ыйлатып, таң калтырды. Булар чыныгы таланттуу, жаш жигиттер. Өлкөнү чет мамлекеттерге даңазалап жатышат. Угушумча, булардын чет өлкөгө чыгып, сынактарга катышуусуна мамлекеттен эч кандай жардам бөлүнбөйт экен. Булар жакында дагы сынактарга катышат экен, алардын жол киресине, жатакана, тамак-ашына мамлекет акча бөлүп бериши керек",- деди Аманбаева.
Бул маселеге парламент жетекчиси да көңүл бурушу керектиги айтылды.