"Өкмөттү тез арада отставкага кетириш керек". Муну парламенттин 16-октябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков айтып чыгып, өкмөттүн энергетика багытындагы иш-аракеттерин сынга алды. “Өкмөттүн да, президенттин да парламенттеги өкүлүнө кайрылгым келбейт, мен өкмөттү тез арада кетирүү талабы менен коалициялык көпчүлүккө кайрылам, иштей албаган өкмөттү кетиргиле, эмне кармап отурасыңар?”- деди Исаков.
Депутат борбор шаарда митингге чыккан активисттерди уруп-тепкилеген милиция кызматкерлерин жумуштарынан бошотууну талап кылды.
“Интернеттен окудум, Ошто милиция кызматкерлери майрамдашып, анан бири-бири менен мушташышыптыр. 15-октябрда Бишкекте жаштар күйүүчү майдын кымбатташы боюнча митинг өткөргөнү жатса, аларды милиция уруп-тепкилеп алып кетиптир. Ушундай милициянын бизге кереги барбы, аларды жумуштан алыш керек. Биздин эки революциянын жемиши кайда?”- деди депутат.