Өлкөдөгү соттор үй-бүлөлүк медиация боюнча 3 күндүк окуудан өтүшүүдө

Бишкекте 15-октябрдан 17-октябрга чейин Жогорку Соттун алдындагы Судьяларды окутуу борборунда соттор үй-бүлөлүк медиация боюнча 3 күндүк окуудан өтүшүүдө. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалыматта белгиленгендей, соттор үчүн КРнын Бириккен Улуттар Уюмунун “БУУ аялдар” миграция боюнча регионалдык программасы менен биргеликте “Соттор үчүн үй-бүлөлүк медиация боюнча кыскача курсу” аталыштагы семинар өтүүдө.  

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын шаардык, облустук, жергиликтүү сотторунан бирден өкүл катышып, Жогорку Соттун судьясы Жамалкан Исакова, медиация боюнча эл аралык эксперт Ирина Виговская жана Нуржан Тулегабылова, Назгүл Карыева лекция окуп жатышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан