Орусияда такыр баштар (скинхеддер) көбөйүп, мигранттарга коркунуч жаратышууда. Депутат Турсунбай Бакир уулу бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңеште Орусияда киши колдуу болуп өлгөн кыргызстандыктардын маселесин көтөрдү. “Эки-үч күн мурун "Орусияда эки тажикстандык өлдү" деген маалыматтар жарыяланган эле. Бирок өлгөндөр кыргызстандык жарандар болуп чыкты. Бири кыргыз, бири өзбек улутундагы жаран экен. Азыр скинхеддер көбөйүп жатат”,- деди Бакир уулу.
Депутат Кыргызстан Бажы биримдигине кирип жатканда скинхеддер маселесин да караш керек экенин кошумчалады.