Төө буурчак бизнеси бар чиновниктер айрым компанияларды Талас облусуна киргизбей жатышыптыр

Быйылкы кургакчылыктан улам Талас облусундагы төө буурчактын түшүмдүүлүгү эки-үч эсе түшүп кетти. Бул тууралуу депутат Элмира Жумалиева бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңеште айтты. Анын билдиришинче, айрым аткаминерлер буурчак сатуу ишинин башында туруп, башка компанияларды Таласка киргизбей жатканы айтылууда. "Өкмөт бул маселени тезинен чечиши керек. Төө буурчактан пайда табабыз деген ойдо насыя алган жергиликтүү дыйкандар жабыр тартышууда",- деди депутат.

Депутат электр энергиясындагы көйгөйгө да токтолду. "Калк электр энергиясынын чыңалуусу өтө төмөн түшүп кеткенин айтууда. Электр энергиясы калкка товар катары сатылып жаткандан кийин, анын сапаты да талапка жооп бериши керек. Сот тарабынан электр кубатынын наркынын көтөрүлүшү мыйзамсыз деп табылган. Өкмөт ал маселе жаатында унчуга элек. Өкмөт электр энергиясынын наркы тууралуу парламентке маалымат берүүгө тийиш",- дейт депутат Жумалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан