Кыргызстанда тартылган “Жалкоо” мультфильми Орусияда өтүүчү бүткүл орусиялык анимациялык тасмалардын фестивалына катышат. Бул тууралуу “Айтыш Фильм” киностудиясы билдирди. Фестиваль 27-февралдан 3-мартка чейин Суздаль шаарында өтөт. Иш-чарага КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты делген анимациялык эмгектери катышмакчы. Эске сала кетсек, “Жалкоо” мультфильми кыргыз эл жомокторунун жанрында тартылып, жалкоо адамдын жашоо образын чагылдырат.