"Чкалов айылындагылар СССР таркагандан бери бир тамчы таза суу ичише элек" дейт депутат Бакиров
"Базар-Коргон районундагы Чкалов айылынын тургундары Советтер Союзу таркагандан бери бир тамчы таза суу ичише элек",- дейт депутат Мирлан Бакиров. Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жыйынында депутат аталган айылга таза суу чыгарып берүү өтүнүчү менен өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылды. "Айылда суу сактагыч жана жабдууларынын баары бар. Аларды кайра ишке киргизүү зарыл болуп турат, 700 үй-бүлө жашаган айылда Союз таркагандан бери таза суу жок",- деп кошумчалады депутат.