Кыргызстанда быйыл кышкысын светти өчүрүүлөр менен 1 миллиард 200 миллион киловатт-саат электр энергиясы үнөмдөлөт. Муну парламенттин 16-октябрдагы жыйынында энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу (аталган министрликтин башчылыгына талапкер)
Кубанычбек Турдубаев билдирди. Быйыл өлкөдө 2 миллиард 300 миллион киловатт-саат электр энергиясы жетишсиз экенин айткан талапкер буларды кошумчалады:
"Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Коңшу өлкө менен электр энергиясын алмашууну карап жатабыз. Тактап айтканда, алар бизге кышында 400 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет, биз аларга ошончо көлөмдөгү электр энергиясын жайында кайтарып беребиз. Мындан тышкары Бишкек ЖЭБинен 380 миллион киловатт-саат, Ош ЖЭБинен 55 миллион киловатт-саат электр кубатын иштеп чыксак болот".