Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө үчүн быйыл кышында мезгил-мезгили менен электр энергиясын өчүрүүлөр болот. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда парламентте энергетика жана өнөр жай министрлигине талапкер Кубанычбек Турдубаев айтты. Анын айтымында, министрликтин мындан башка жолу жок. “Биз өкмөткө эки багытта сунуш бердик. Биринчиси - тариф саясаты, экинчиси - импорт. Эгерде импорт маселеси чечилбесе, светти маал-маалы менен өчүрөбүз. Антпесек энергетика системин кыйроого учуратып алабыз”,- деди ал.
Эскерте кетсек, жыйында К.Турдубаевдин энергетика жана өнөр жай министрлигине талапкерлиги каралып жатат.