"Кумтөр" ишканасы бир жылда 1 миллиард киловатт-саат электр энергиясын пайдаланат. Муну 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика жана өнөр жай министрлигине талапкер
Кубанычбек Турдубаев билдирди. Анын билдиришинче, "Кумтөр" электр кубатынын карапайым калк төлөп жаткан баадан 1,5 - 2 эсе кымбатка сатып алат. Жыйында өлкөгө импорттолгон электр энергиясынын баасы кымбат болорун, андыктан сырттан алынган электр кубатын карапайым элге эмес, "Кумтөр" сыяктуу ири ишканаларга сатуу керектигин айтышты депутаттар.
"Импорттолгон электр энергиясын ири ишканаларга чачкыла, алар 3 сомдон болсо да сатып алышсын",- дейт депутат
Бакыт Төрөбаев.