Тайырбек Сарпашев: "Светти өчүрбөй, бирок кымбат баада сатканы жатабыз"
Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев"быйыл кышкысын светти өчүрбөй, бирок кымбат баада сатууну пландап жатабыз" деп билдирди. Анын билдиришинче, светке болгон чектөөнү жоюш үчүн Казакстандан электр энергиясын импорттоо маселесин толук чечүү зарыл. Казакстандан быйыл 400 миллион киловатт-саат электр кубатын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Сарпашев электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин колдонгон абоненттер азыркыдай 70 тыйындан, 700 киловатт-сааттан ашык пайдалангандар 1 сом 20 тыйындан төлөй тургандыгын эскертти.