Энергетика жана өнөр жай министрлигине талапкер
Кубанычбек Турдубаев (сүрөттө ортодо) энергетика тармагындагы кемчилиги үчүн 2004-жылы соттолгонун моюнга алды. Талапкердин соттолгонун парламенттин 16-октябрдагы жыйынында депутат
Мыктыбек Абдылдаев айтып чыкты. Биринчи вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев талапкердин мурда соттолгонун укпаганын билдирди. Соттолгондугу боюнча талапкер маалымат берди.
“Бул жерде жашыра турган эч нерсе жок. "Чыгыш электр" ишканасы боюнча убагында иш козголгон. Ишкананын жетекчилери, РЭСтердин башчылары, орун басарлары жоопко тартылган. Жети-Өгүз РЭСинин жетекчиси катары мен да соттолгом. Бизге айып пул жазылып, кийин андан бошотулганбыз",- деди Турдубаев.
Талапкер өзүнүн мурда соттолгону боюнча президент Алмазбек Атамбаевге да айтканын кошумчалады.