Москва шаарында 25-январь күнү киши колдуу болуп каза тапкан кыргыз жаранынын өздүгү такталганын орусиялык маалымат булактары жарыялады. Аталган жаран 29 жаштагы Э.Кайназаров экендиги белгилүү болду. Орусиялык милиция кызматкерлеринин маалыматтарына таянсак, Кайназаров аталган шаардагы "Колеминский" нан бышыруучу комбинатында жүк ташуучу болуп иштеп жүргөн. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.