Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчилиги шаардыктарга жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо убадасын бериптир

Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунда 68 миң тонна көмүр калды, бул эки аптага гана жетет. Парламент депутаты Кожобек Рыспаевдин маалыматына таянсак, ЖЭБге көмүр сатып алуу боюнча өткөн 3 тендер тең жарабай калып, мунун жыйынтыгы көмүр тартыштыгына алып келди. "Тендерлер жараксыз деп табылгандан кийин Бишкек ЖЭБи көмүрдү бир булак аркылуу сатып алууга аргасыз болгон. Ишкана жетекчилиги Бишкек ЖЭБи күз-кыш мезгилине карата даярдыкты тездетип, шаар тургундарын жылуулук менен камсыз кылуу иштерин үзгүлтүккө учуратпоого убада берди. Андагы абал такай парламенттин көзөмөлүндө болот",- дейт Рыспаев.

Аталган борборго көмүр ташып келүү үчүн казакстандык компания менен келишим түзүлгөнү, эми ЖЭБге ай сайын 70 миң тоннадан көмүр ташылып келинери айтылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан