"Кыргызстандын эли энергетикалык кыйынчылыктарга чыдашы гана керек, башка жол жок" дейт депутат Рыспаев

"Кыргызстандын эли азыркы энергетикалык кыйынчылыктарга чыдашы гана керек, башка жол жок". Муну 16-октябрда "Парламент" радиосундагы маегинде депутат Кожобек Рыспаев билдирди. Депутат энергетикалык көз карандысыздыкка жетиш үчүн айрым тоскоолдуктарды жеңип өтүү зарыл экенин белгиледи. "Мына, Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга Өзбекстан каршы чыгууда. Энергетикалык жактан көз карандысыз болушубузга каршы чыгып, газ берүүнү токтотту. Тармактагы азыркыдай кырдаал чечилет, ушунун үстүндө иштер жүрүп жатат. Мунун бир мисалы - "Датка-Кемин" көмөк чордону",- деп билдирди депутат.  
Айта кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынында энергетика жана өнөр жай министрлигине талапкер Кубанычбек Турдубаев Кыргызстанга 37 кичи ГЭС курууга болорун билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан