Эльвира Сариева: "Социалдык мекемелердин башчылары имараттарды кышка даярдоого тийиш"

Бүгүн, 16-октябрда вице-премьер-министр Эльвира Сариева Төмөнкү-Серафимовкадагы карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын жатак-үйүнө барып, мекеменин кышка даярдыгы менен таанышты. Вице-премьер-министр мекемедеги от казандын ишке киргизилиши жагымдуу окуя экенин билдирди. “Быйылкы жылы өкмөт жаңы от казанды курууга 4,5 миллион сом бөлгөн. Жаңы ишке киргизилген от казан мекеме тургундарын жылуулук жана ысык суу менен толук камсыздоо мүмкүндүгүнө ээ",- деди ал.

Сариева жатак-үйдүн жетекчилеринин өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

“Интернаттын директору канчалык деңгээлде өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылса, жалпысынан мамлекеттин иши да андан көз каранды болот. Энергетикалык каатчылык шартында ар бир мекеме жетекчиси имараттарды жылуулоо, от казандардын үзгүлтүксүз иштетүү, жылуулукту үнөмдөөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу шарт",- деп билдирди өкмөт өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан