Бүгүн, 16-октябрда парламенттеги коалициялык көпчүлүк КРнын Судьяларды тандоо кеңешине талапкерлерди карап жатат. КСДП 2, “Ар-намыс” 3, ”Ата Мекен” 3 талапкерди сунуштоодо. Талкуу учурунда депутат Эркин Сакебаев: “КСДП фракциясынан 3 талапкер көрсөтүлүшү керек болчу. Эмне үчүн 2 гана талапкер сунушталып жатат?”- деди. "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов жооп иретинде бул үч фракция лидеринин кабыл алган чечими экенин айтты. Мыйзам боюнча, Сотторду тандоо кеңешине мүчөлөрдүн үчтөн эки бөлүгү жарандык коомдон көрсөтүлөт. 16 мүчө парламент тарабынан тандалып, калган 8и Cоттор кеңешинен сунушталат. Жалпысынан Cотторду тандоо кеңешинин курамы 24 адамдан турат. Судьяларды тандоо кеңешине төмөнкү талапкерлер сунушталууда:
1. Панайдин Кадыров
2. Жээнбек Мукамбетов
3. Асел Төлөмүшева
4. Сарылбек Борбашев
5. Урматбек Момбеков
6. Таалайгүл Исакунова
7. Шамарал Майчиев
8. Жамыйла Нурумбетова