Абдырахман Маматалиев Кыргызстанда качкындардын саны азайып жатканын билдирди

Бүгүн, 16-октябрда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Кыргызстандагы БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Йоханн Сиффоант менен жолугушту.

Маматалиев Кыргызстан БУУнун 1951-жылкы Качкындар макамы жөнүндө конвенциясына жана 1967-жылкы протоколуна кошулган күндөн тарта качкындар боюнча көптөгөн иштер аткарылганын белгилейт. Муну менен Кыргызстанда качкындардын саны азайып жатканы айтылды. 

Вице-премьер аталган өкүлчүлүккө миграция жана качкындардын абалы жаатындагы кызматташтыкты чыңдоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди жана уюмдун программа, долбоорлорун өкмөт колдоого аларын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан