Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн 16-октябрдагы жыйынында депутат
Галина Скрипкина Сотторду тандоо кеңешине талапкерлерден 35 миң доллардан алынганы тууралуу айтып чыкты. Мындай маалымат аталган кеңешке талапкерлерди кароо учурунда айтылды. Депутат талапкерлердин бири
Сарылбек Борбашовдун маалымат булактарына берген маегин сынга алды.
"Сиз менин кызымды жана министр Шыкмаматовдун бир тууганын Сотторду тандоо кеңешине өткөрбөй койгонун айтыпсыз. Бул кызмат орундары 35 миң доллардан сатыларын айтышыптыр. Муну уккандан кийин кызым документтерин кайтарып алды. Бизде мынча акча жок",- дейт депутат.
Борбашов аталган депутаттын кызы биринчи турдан кийин документин кайтарып алганын айтканын билдирди.