Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңеште жарандардын кайрылууларына жооп берүү мөөнөтүн 14 күнгө белгилөө сунушталып, мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Дастан Бекешевдин айтымында, айрым мыйзамдарда жарандардын кайрылууларына жооп берүү үчүн 1 айлык мөөнөт каралган, ал эми айрым мыйзамдарда 14 күндүк мөөнөт каралган. Ошондон улам мыйзамдар 14 жумушчу күндүк мөөнөт менен шайкеш келтирилүүдө. Бул мөөнөт жарандардын кайрылууларына жооп берүү мезгилин эки эсе тездетет.
Муну менен бирге жарандардын кайрылууларына жооп берүү, кароо тартибин бузган мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жоопкерчилиги да каралууда.