Асылбек Жээнбеков быйыл кыргыз тилин өнүктүрүүгө бюджеттен 250 миллион сом бөлүнөрүн айтты

Спикер Асылбек Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда Нарын облусундагы Кочкор районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары менен жолугушту. Энергетикадагы ири долбоорлор аяктоо алдында турганын айткан төрага мамлекеттик тилге да маани берилип, эне тилди өнүктүрүүгө бюджеттен 250 миллион сом бөлүнүп жатканын билдирди. Жээнбеков Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин байланышын күчөтүү, маселе чечүүдө ачыктыкты камсыздоо үчүн мындай жолугушуулар салтка айланганын белгиледи. 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары Кочкор районундагы ички жолдордун абалы, сугат суу көйгөйү, бала бакчалардын жетишсиздиги, жаңы мектептерди куруу сыяктуу көйгөйлөрдү айтышып, парламент жетекчисинин пикирин угушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан