Активисттер Бишкектеги Горький сейил багында саясий ачкачылык акциясын улантышууда

Бүгүн, 16-октябрда “Жаңы муун” саясий кыймылынын лидерлери Бишкектеги Горький сейил багында ачкачылык акциясын улантышууда. Акцияга чыккандар: Мавлян Аскарбеков, Мелис Аспеков, Төрөкан Жунусбеков жана укук коргоочу Качкын Булатов. Алар бийликке негизги төрт талап коюшту: электр энергиянын баасын 1 сом 20 тыйындан 70 тыйынга түшүрүү, 3 фазаны кыркканды токтотуу, энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларды жоюу жана Энергетика жана өнөр жай министрлигинин мурдагы жетекчиси Осмонбек Артыкбаевге кылмыш ишин козгоп, жоопко тартуу. Коюлган талаптар аткарылбаса, акция улана бермекчи. 

Эскерте кетсек, аталган кыймыл лидерлери ачкачылык жарыялоону кечээ, 15-октябрда башташкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан