Алмазбек Атамбаев Жогорку Нарын ГЭС каскадындагы иштер өз учурунда жана сапаттуу бүтүшү керектигин айтты

Президент Алмазбек Атамбаев 16-октябрда "Русгидро" ААКынын башкармалыгынын төрагасы Евгений Додду кабыл алды. Жолугушууда Евгений Дод өлкө башчыга Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун активдүү фазасы башталганын жана энергетикалык объектилердин негизги курулуштарына өткөндүгүн маалымдады. "Сиз жана Владимир Владимирович (Путин) тарабынан бекитилген графикти сактап жатабыз. Алгачкы агрегат 2016-жылы, калган блоктор 2019-жылы иштей баштайт. Бүгүн биз маанилүү иш-чараны өткөрдүк, вахталык шаарчаны кыдырып, каскаддын куруучуларынын жашоо, эмгектенүү шарттары менен таанышып чыктык. Өкмөт менен жер бөлүп берүү маселесин талкууладык",- деди Дод.

Орусиялык өкүл Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушуна 2 миллиард рубль бөлүнгөнүн, орусиялык тарапта каржылоо боюнча эч кандай маселе жок экенин белгилеп: “Зарыл болсо каржылоо 5 миллиард рублга чейин көбөйтүлөт, демек, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу жана эксплуатациялоо жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуунун бардык шарттары аткарылууда”,- деди.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда жана электр кубаттуулугун арттыруудагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун маанисин белгиледи. Айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын энергетикалык системин өнүктүрүүдөгү жаңы этап болот. Өлкө жетекчиси пландаштырылган бардык иштер өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүшү керектигин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан