Асия Сасыкбаева: "Кыргызстандын Европа өлкөлөрү менен кызматташтыгы боюнча өтө маанилүү маселелер каралууда"

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева элчи, Европа бирлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Чезаре де Монтис менен жолугушту. Жолугушууда Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы менен Жогорку Кеңештин кызматташтык мамилелеринин келечеги талкууланганын бүгүн, 17-октябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сасыкбаева Кыргызстанга ЕКПАнын “демократия боюнча өнөктөш” статусунун ыйгарылышынын маанисин белгиледи. “ЕКПА жыйындары менен сессияларына катышуу алкагында Европа бирлиги өлкөлөрүнүн парламентчилери менен жолугушуулар өтүп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын Европа өлкөлөрү менен эки жана көп тараптуу мамилелерине тийиштүү өтө маанилүү маселелер талкууланууда”,- деди ал.

Чезаре де Монтис Кыргызстанга ЕКПАнын “демократия боюнча өнөктөш” статусунун ыйгарылышы демократиянын өнүгүшүнө түрткү бере турганын айтты. “Биз кыргыз тараптын демократия таламдарын карманып келатканына ынандык” деп белгилеп, ал ЕКПАнын ишине катышуу Кыргызстан үчүн чоң утуш болоруна ишеним артарын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан