Депутат Ыргал Кадыралиева Өзгөн жана Араван районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү

ЖКнын депутаты Ыргал Кадыралиева 26-27-январь күндөрү Ош облусунун Өзгөн, Араван райондорунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп, элдин көйгөйлөрүн, суроо-талабын угуп кайтты. Өзгөн районунда таза суу түтүктөрү 1974-жылдан бери алмаштырылбай чирип калгандыгы, көп балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул төлөө маселелери ушул кезге чейин толук чечилбей келе жаткандыгы белгилүү болду. 1997-жылы жайыт жерлери токой комитетине өтүп, ага байланыштуу элдин жайытка муктаждыгы да айтылды.

Ал эми Араван районунун Өзбекстан менен чектеш жайгашкан Чек-Абад айылынын тургундары жана Кара-Багыш чек ара бекетинин кызматкерлери менен жолугушуу учурунда алардын да көйгөйлүү маселелери айтылды. Ушу тапта чек ара жабык болгондуктан, кошуна Өзбекстанда жашап жаткан туугандары менен катташа албай, кыйынчылык болуп жаткандыгы жөнүндө айтышып, эки мамлекет ортосунда эл аралык деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Жогорку Кеңеште маселени көтөрүп, “Кара-Багыш” өткөрмө пунктунун ачылуусуна көмөк көрсөтүүнү суранышты. Депутат аталган суроо-талаптарды парламент жыйынында көтөрүүгө убада берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан