Вице-спикер Асия Сасыкбаева менен АКШнын өкүлү жолукту
Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева 17-октябрда АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Даниэль Розенблюм менен жолугушту. Сасыкбаева Кыргызстандагы парламенттик демократияны өнүктүрүү маселелеринде көрсөткөн колдоосу үчүн Америка тарапка ыраазычылык билдирип: “Кыргыз тарап АКШ менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет”,- деди. Розенблюм парламенттик демократияны куруудагы Кыргызстандын жетишкендиктерине токтолду. “Демократиялык баалуулуктардын негизинде мамлекеттик системди өзгөртүү жөнүндө чечим кыргызстандыктардын терең ойлонулган кадамы болгон”,- деди ал.Тараптар Максим Бакиев өлкөдөн чыгарып кеткен акчаларды кайтарып алууга америкалык тараптын көмөк көрсөтүүсүн талкуулашты.