Кыргызстанда 21-23-октябрь күндөрү өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү ардактуу консулдарынын үчүнчү жыйыны болот. Эртең, 21-октябрда Бишкектеги КРнын Тышкы иштер министрлигинде үчүнчү жолу өтүп жаткан консулдардын жолугушуусу өткөрүлөт. 22-23-октябрда иш-чара Ош шаарында уланат.
Жыйында консулдар өлкөнүн инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, өздөрү иштеген мамлекеттер менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө өңдүү маселелерди талкуулашат. Ага Нидерланды, Түркия, Пакистан, Япония, Корея, Орусия, Казакстандын консулдары, ТИМдин жетекчилиги, президенттик аппараттын, өкмөттүн жана ЖКнын өкүлдөрү катышат.