Темир Сариев: “Эгер дыйкандардын кызыкчылыгы болсо, алар айыл чарбанын деңгээлин көтөрө алышат”

“Эгер дыйкандардын кызыкчылыгы болсо, алар айыл чарба тармагынын деңгээлин көтөрө алышат”,- деди бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында КРнын Экономика министри Темир Сариев.

Анын айтымында, дыйкандар өндүргөн продукцияларды сыртка чыгарууга тыюу салуу туура эмес. “Биз аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп беришибиз керек. Чек коюп, тыюу салып биз дыйкандардын ишин токтотуп коюшубуз мүмкүн”,- деди министр.

Айта кетсек, бүгүн аталган комитеттин жыйынында "Кыргыз Республикасында уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан