Бабанов менен Ташиевдин партиялары бириккени расмий түрдө жарыяланды
Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиевдин партиялары биригип, жаңы "Республика - Ата Журт" партиясы түзүлдү. Мындай чечим "Республика" жана "Ата Журт" партияларынын биргелешкен жыйынында кабыл алынып, ага делегаттардын көпчүлүгү добуш беришти. Муну менен бирге жаңы партиянын жобосу, программасы да бекитилди. Жаңы партиянын саясий кеңеши 30 кишиден түзүлмөй болду.