Окумуштуулар жана адистер менен бирге өлкөнүн асыл тукум кой чарбасын өнүктүрүү колго алынат

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинде уяң жүндүү асыл тукум кой чарбасын өнүктүрүү маселеси каралды. Жыйынга экономика министри Темир Сариев баштаган мамлекеттик органдар, мекемелердин жетекчилери, Илим изилдөө институттарынын өкүлдөрү, мал чарба адистери менен окумуштуулар, асыл тукум кой чарба жетекчилери катышты.

Кой чарба, кайра иштетүү өнөр жайынын жана илим ардагерлеринин топ башчысы Молдобек Ирсалиев Кыргызстанда уяң жүндүү асыл тукум койлордун башы кыйла азайып кеткендиктен, алардын санын көбөйтүүгө жана өлкөнүн жүн иштетүү тармагын, жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программаны иштеп чыгуу зарылдыгы турганын баса белгиледи.

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев Кыргызстанда уяң жүндүү малдын так саны белгисиз экенин айтып, 1-2-3-категориядагы уяң жүндүү асыл тукум койлордун санын өстүрүү зарылдыгына токтолду. Ал эми экономика министри Темир Сариев быйыл айыл чарбасына 9-10 пайыздык үстөгү менен 5 миллиард сом жеңилдетилген насыя каражаты берилгенин, анын көлөмү келерки жылы да көбөйө турганын эске салды. Ал уяң жүнгө карата суроо-талап бар экенин, атайын программа иштелип чыкса, аны жаңыдан түзүлүп жаткан Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун алкагында ишке ашырууга боло турганын белгиледи.

Тармактык комитеттин төрагасы Сайдулла Нышанов мал чарба тармагына тийиштүү бардык органдардын өкүлдөрү, окумуштуулар жана адистер менен бирге бир айлык мөөнөт ичинде токтом долбоорун иштеп чыгуу, асыл тукум кой чарбасын өстүрүү жана өнүктүрүү демилгесин колго алуу сунушун берди. Бул сунуш жыйын катышуучулары тарабынан колдоого ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан