“2015-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 15,7 миллиард сом каралган” дейт Ольга Лаврова

“2015-жылы Кыргызстандын 187 миллиард сомго тете мамлекеттик карызын төлөөгө 15,7 миллиард сом каралган”,- деди бүгүн, 20-октябрда “2015-жылга карата республикалык бюджеттин жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуулардын жүрүшүндө КРнын Каржы министри Ольга Лаврова.

Анын айтымында, тышкы карыздан кутулууга 8,7 миллиард сом, ички карыздан кутулууга 7 миллиард сом бөлүнүүдө. “Кийинки жылдын республикалык бюджети социалдык тармакка багытталган. Бюджеттин 44,1 пайызы бул багытка жумшалмакчы”,- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан