"Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Өмүрбек Бабанов жаңы түзүлгөн аталган партиянын бекемдигине ишенет. Журналисттер менен жолугушууда Бабанов партиянын тагдырына көрөгөчтүк кылгандар көбөйгөнүн айтат. "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" дешүүдө. Эки адам эмес, эки ири партия биригүүдө. Биз жөн эле кочкор эмеспиз, саясий лидерлербиз. Элибиз бизге ишенип турат. Көз карашыбыз, максатыбыз бир болгондон кийин биригели, башка саясатчыларга үлгү бололу деп ушул чечимге келдик. Мен Камчыбек Ташиевге толук ишенем",- дейт Бабанов.
Камчыбек Ташиев жаңы тандемдин туруктуулугун иш жүзүндө далилдей турганын билдирди.