Текебаев: "Зарылбек Рысалиев мародёрчулук боюнча “Ата Мекендин” депутаттарына койгон айыбын далилдей алган жок"

Мурунку ички иштер министри Зарылбек Рысалиев “Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттарынын мародёрлук кылмышына тиешеси бар экенин далилдей алган жок”,- деп билдирди “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 20-октябрда парламенттин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында. Депутаттын айтымында, Рысалиев өткөн жылы ИИМден кеткенден кийин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге кат жазып, “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынын мародёрлукка тиешеси бар экенин иликтеп чыгуу үчүн бир ай убакыт сураган. Андан бери бир жарым жыл өтсө да, далил таба алган эмес. Рысалиев президентке кайрылгандан кийин Атамбаев УКМК, Башкы прокуратура, ИИМге ишти иликтөө жана күнөөлүүлөрдү жазага тартуу тапшырмасы менен кат жөнөткөн. Бирок натыйжа чыкпады,- деди Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан