Президент: "Кыргызстандын алтын кенинен пайданын көп бөлүгүн алып кеткен компанияга Канаданын сотторунда биздин улуттук байлыгыбыздын тагдырын чечүүгө жол бербешибиз керек"

"Кумтөр" долбоорунда мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүп, Канаданын сотторунда биздин улуттук байлыгыбыздын тагдырын чечүүгө жол бербешибиз керек". Президент Алмазбек Атамбаевдин мындай пикири 2014-жылдын 14-октябрында "Centerra Gold inc." компаниясындагы “Кыргыз алтын” ААКтын акцияларын Онтарио (Канада) провинциясынын Жогорку Соту тарабынан кезектеги камакка алуусу тууралуу маалыматка байланыштуу билдирүүсүндө айтылат. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда президенттик аппараттан билдирди. 

Төмөндө мамлекет башчынын билдирүүсүнүн тексти толук келтирилет:

Канаданын сотторунда Кыргызстан үчүн чыгашалуу чечимдерге алып келген "Centerra Gold inc." акцияларынын тегерегиндеги түрдүү оюнчулардын чайкоочулугу, Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелген “Кумтөр” алтын кенин иштетүүгө карата мамилени кайрадан карап чыгууну талап кылууда.

Кыргызстан бийлигинин 90-жылдардагы кылмыштуу шалаакылыгынан же үстүртөн мамилесинен улам, андан соң 2003-жылдагы улуттук кызыкчылыктарга  жасаган түздөн-түз чыккынчылыгынын айынан дүйнөдөгү эң ири алтын кенин иштетүүчү “Кумтөр” көп жылдар бою өлкөбүзгө жадакалса кирешенин салыштырмалуу адилеттүү бөлүгүн алып келбей жатат.

Түзүлгөн кырдаал үчүн айыпты Кыргызстандын ошол кездеги  бийлигине тагуу менен бирге биз кыргыз бийлигинин терс жактарын Канаданын инвесторлору дагы пайдаланып жаткандыгын белгилебей коё албайбыз. Сөз 90-жылдардын башталышындагы алгачкы макулдашуунун Кыргызстан үчүн өтө пайдасыз шарттары жана 2003-жылдагы долбоорду реструктуризациялоо абдан жаман жүргүзүлгөндүгү туурасында жүрүп жатат.

Тилекке каршы, канадалык азыркы өнөктөштөр болгон "Centerra Gold inc." менен өз ара пайдалуу консенсуска жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын кийинки аракеттери азыркы күндө биз каалаган жыйынтыктарды бербей жатат.

Акыркы жылдары ошол эле Канаданын сотторунда “Кыргыз алтын” ААКына таандык акцияларды камакка алуу тууралуу Кыргызстанды кысмакка алган чечимдерди кабыл алуу боюнча прецедент түзүлдү. Оболу 2012-жылдын 17-августунда “Ак кеме” мейманканасынын тегерегиндеги мүлк талаш боюнча "Sistem Muhendishlik Insaat Sanayi ve Ticaret A.S." түрк компаниясынын доо арызын камсыз кылуу боюнча чечим кабыл алынды. Эми болсо 2014-жылдын 14-октябрында "Куттуу-Сай II" сейрек кездешүүчү металл кенинин тегерегиндеги чарбалык талаш боюнча канадалык "Stans Energy Corp." кен казуу компаниясынын талабы боюнча чечим кабыл алынып жатат.

Кыргыз Республикасы сот системинин ишинин принциптерин урматтайт, бирок азыркы пайда болгон тенденция өкмөттүн алдына Кыргызстандын активдерин коргоо жана мындан ары мындай коркунучтардын алдын алуу боюнча кыйла таасирдүү механизмдерди пайдалануу милдетин коюп жатат. Тактап айтканда, Торонтодогу канадалык фонддук биржадагы листингден "Centerra Gold inc" акцияларын чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселени коюуга мажбурлайт. Же мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо боюнча кыйла чечкиндүү чараларды көрүп, Кыргызстандын дүйнөдөгү эң ири алтын кенинен түрдүү ыкмалар менен пайданын көп бөлүгүн алып чыгып кеткен компанияга Канаданын сотторунда “Кумтөрдүн” тагдырын чечүүгө жол бербешибиз керек.

Кыргыз Республикасынын улуттук байлыгы чарбалык талаштарда чет элдик компания же уюм тарабынан Кыргызстанга кандайдыр бир кысым көрсөтүүнүн жана соодалашуунун куралына айланган жагдайга жол берүүгө болбойт”.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан