Бишкекке Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко келди

Бишкекке бүгүн, 20-октябрда Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко расмий иш сапар менен келди. Аны “Манас” аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, депутаттар Каныбек Иманалиев, Максат Сабиров тосуп алышты. Матвиенко бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушат. Тараптар алгач тар чөйрөдө, андан соң кеңири чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эртең, 21-октябрда орусиялык чиновник президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугушууларды өткөрмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан